• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Чүй облусунда акимдерди аттестациялоо аяктады

Аймак 0

Бишкек, 03.04.21. /Кабар/. Чүй облусунун жергиликтүү мамлекеттик райондук администрация башчыларын, алардын орун басарларын аттестациялоо иши аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Республикалык аттестациялоо комиссиясы 2 апрелде аттестациялоону жыйынтыктады.

Аттестациялоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн 21 талапкерден 3 талапкер 50 пайыздык босогодон кем балл алгандыгына байланыштуу, аттестациянын кийинки этабы болгон комиссиянын мүчөлөрү менен өтүүчү аңгемелешүүгө киргизилген жок.

Аттестациянын жыйынтыктоочу этабы болгон аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:

  1. 16 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет:
  2. 5 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баага ээ болушту.

Аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча өкмөткө аттестациялык комиссия тарабынан сунуш киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий