• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Барскоон — Ак-Шыйрак жолунда 1 метрге чейин кар жаап, жолду жаап калган

Аймак 0


Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Кечээ, 22-январда Ысык-Көл облусунун Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 145-чакырым бөлүгүндө калың кар жаап, жолду жаап калган. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кардын калыңдыгы кээ бир жерлерде 1 метрге чейин жетет.

“Түнү менен жолду кардан тазалоо жана каттам ачуу, кеңейтүү иштери жүргүзүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий