• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президенттин атынан Майлуу-Суунун тургундарына гумжардам таратылды

Аймак 0


Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Майлуу-Суу шаарынын тургундарына гуманитардык жардам таратылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 25 кг ун ,10 кг кум шекер жана 5 литр өсүмдүк майы камтылган жардам шаардагы 810 үй-бүлөгө берилди.

Эскерте кетсек, катуу сууктан улам Майлуу-Суу шаарында суу түтүктөрү тоңуп, натыйжада калкка жылуулук жана таза суу берүү токтотулган. Буга байланыштуу 13-январдан тарта шаар аймагында өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген. Учурда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Тоңгон суу түтүктөрүн калыбына келтирүү боюнча 9 чакырым аралыкта эритүү иштери жүргүзүлүп, бүгүн, 23-январдан тарта 6 чакырым аралыгында эритүү аракеттери жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий