• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

УКМК: Ат-Башы районунун тургуну экстремисттик идеологиядан баш тартты

Аймак 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылынын 29 жаштагы Ж.С. аттуу тургуну экстремисттик идеологиядан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаран мурда “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып жүргөн.

Жогорудагы жаран өзү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды аталган уюмдун мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырып, Кыргызстандын аймагында уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестигин билдирди.

Учурда УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун кылмыштуу аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле катарына жаңы мүчөлөрдү тартуунун алдын алуу боюнча иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий