Быйыл Ветеринария кызматынын бюджети эки эсе көбөйүп, 1,1 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. 2023-жылга Ветеринария кызматынын бюджети 1 млрд 180,5 млн сомду түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражат 2022-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп.

Жыл ичинде кошумча бөлүнгөн каражаттар 174,9 млн сом, анын ичинен:

  • кредитордук карызды төлөөгө 118,2 млн сом;
  • вакциналарга 56,7 млн ​​сом;
  • РВДБ (Республикалык ветеринардык диагностика борборлору) үчүн диагностикумдарды сатып алууга 54,2 млн сом;
  • - 27,0 млн сом реагенттерди, сарпталуучу материалдарды жана лабораториялар үчүн жабдууларды сатып алуу үчүн.

2023-жылдын 10 айына карата каралган каражаттын 704,8 млн сому каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий