• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда эки айдын ичинде бензин 1,5 сомго же 3,5% арзандады

Экономика 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы эки айдын жыйынтыгында жалпысынан күйүүчү майдын чекене баасы төмөндөгөндүгү байкалган. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясы кабарлады.

Маселен, январь-февраль айларында бензин орто эсеп менен 1,5 сомго (3,5%), ал эми дизель майы 1,3 сомго же 2,8%га арзандаган.

Ошол эле учурда, март айында россиялык мунай заттары рыногунда күйүүчү майлардын сатылыш баалары жогорулап, бензин 3%га жана дизелдик күйүүчү май 6%га кымбаттаганы боюнча маалыматтар бар.

“Россиянын рыногунда баалардын өсүшүнө алдыда келе жаткан үрөн себүү мезгилине карата суроо-талаптардын көбөйүшү таасир эткен. Ошондой эле ага, дүйнөлүк рыноктогу мунайдын баасы себеп болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Бирок нефтетрейдерлер Ассоциациясы билдиргендей, алардагы запастарды эске алганда март айында Кыргызстанда бензиндин баасы 3%га чейин төмөндөшү жана дизелдик майдын баасы бүгүнкү күндөгү деңгээлде сакталып турары божомолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий