Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. 2023-жылдагы ажылык сапардын баасы 3900 доллар болду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлайт.
Төлөмдөрдү кабыл алуу 12-апрелден башталат.
"Ажыга барууга 1000 долларын төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер ушул жылдын 17-апрелине чейин РСК банктын иштөө убактысы бүткөнгө чейин калган 2900 долларын төлөөсү керек", - деп айтылат билдирүүдө.
Көрсөтүлгөн баалар Аалымдар кеңеши, Борбордук текшерүү комиссиясы, муфтият кызматкерлери жана ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабынын мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан.
Белгилей кетсек, быйылкы ажылык сапарына Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлүнгөн.
Пикир
Оставить комментарий