Бишкек, 14.01.25. /Кабар/. Былтыр өлкөдө 600гө чукул гидротехникалык курулма оңдолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын жыйынтыгы менен Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 620 чакырым чарба аралык каналдардын оӊдоо жана механикалык тазалоо, 596 гидротехникалык курулмалардын, 250 суу өлчөөчү посттордун, 115 насостук станциялардын, 221 насостук агрегаттын оңдоо, 30 насостук агрегатын алмаштыруу жана 11 суу топтоочу курулмалардын, 150 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштери аткарылды.
Пикир
Оставить комментарий