Бишкек, 10.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Былтыр өлкөдө эпизоотиялык абал туруктуу сакталып, өтө жугуштуу оорулар катталган жок. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Ал белгилегендей, Ветеринардык кызмат быйылкы жылды ийгиликтүү жыйынтыктады. Республика боюнча жалпы 25 млн 592 миң баш малга профилактикалык иш-чаралар өз убагында жүргүзүлдү. Анын ичинен дарт аныктоолор 1 млн 156 миң, эмдөөлөр 23 млн 870 миң, дегримитизация 465 миң баш малга жүргүзүлүп, жылдык план 100 пайызга ишке ашырылды.
“Мамлекет тарабынан жыл сайын тогуз өтө жугуштуу ылаңдарга каршы дары-дармектерге акча бөлүнүп, малды дарылоо, эмдөө иштери жер-жерлерде жеке ветеринарлар аркылуу ишке ашат. 2024-жылы 250 млн сомдун тегерегиндеги акча каражаты берилди. Бул каражаттын баарына 2024-жылга жана 2025-жылдын 1-2-кварталына жете тургандай вакцианалар алынды. Учурда жазгы профилактикалык иш-чараларды аткарганга мүмкүнчүлүк бар”, - деди ал.
Шарапов кошумчалагандай, эпизоотиялык бакубатуулукту сактоо менен бирге тамак-аш коопсуздугу боюнча да иштер аткарылды.
“Бул алкак боюнча дагы Ветеринардык кызмат алгылыктуу иштерди жасады. Тамак-ашты сыртка экспорттоодо ЕАЭБдин реестири болот. Бизде азыр ички реестерде 3 миң 280ге жакын ишкана катталды. Мындан сырткары, ЕАЭБдин ички реестирине өлкөнүн 77 ишканасы катталды. Булар эми ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө тоскоолдуксуз продукцияларын экспорттой алышат”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий