• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Эмгек министри мектеп окуучуларына кесиптик багыт берди

Коом 0

Бишкек, 12.06.23./Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Балдарды коргоо борборунун” балдарына кесиптик окутуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.

Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу катчылыгынын демилгеси менен уюштурулган жолугушуу 12-июнда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн күнүнүн алкагында өттү.

Министрдин айтымында, Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында мекеменин негизги милдети катары үй-бүлөнү бекемдөө белгиленген.

«Ар бир бала үй-бүлөдө чоңоюшу керек, ар бир бала бактылуу, бакубат балалыкты өткөрүшү керек. Ар бир кичинекей кыргызстандык мектепке барып, кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.

Президент жана министрлер кабинети дагы бул багытта бардык куч-аракеттерин жумшоодо.

Өз кезегинде Эмгек министрлиги ата-энелерге жумушка орношууда жардам берип, биринчи кезекте балдардын жашоосун жакшыртууга көмөктөшүүчү ар кандай активдүү чараларды ишке ашырууда. 2022- жылы эле мамлекет башчыбыз С.Н.Жапаровдун демилгеси менен 8 миңден ашык муктаж үй-бүлөлөрдөгү балдар жакшы жашай башташты, анткени алардын ата-энелери мамлекет менен социалдык келишим түзүп, жеке бизнесин ачышкан", — деди Кудайберген Базарбаев.

Министр ошондой эле өлкөдө мектеп окуучуларына, жаштарга жана жумушсуз жарандарга кесиптик багыт берүү боюнча 8 кесиптик багыт берүү борбору жана 50дөн ашык ишке орноштуруу кызматы бар экенин айтты.

«Министрлик аркылуу 125 кесипти үйрөнүүгө болот, шык-жөндөмгө ээ болгондордун 80%ы жумуш менен камсыз болгон», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий