• 88.68
  • 95
  • 0.95

Милиция баласын алдына отургузуп, унаа башкарып бара жаткан аялды издеп жатат – видео

Коом 0


Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы баласын алдына отургузуп, унаа башкарып бара жаткан аялды издеп жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Түштүк магистраль көчөсүндө баласын алдына отургузуп, унаа башкарып бара жаткан аялды окуянын күбөлөр видеого тартып алган.

Кайгуул кызматынын кызматкерлерине аталган унаанын айдоочусун таап, кармоо тапшырмасы берилген. Ага Бузуулар тууралуу кодексине ылайык чара көрүлөт.

Carcheck порталындагы маалыматка ылайык, аталган унаанын 17 жол эреже бузуу боюнча төлөнө элек 23,5 миң сом айыппулу бар.

Пикир

Оставить комментарий