Бишкек, 14.01.25. /Кабар/. 2024-жылы Ош шаарындагы 19 билим берүү мекемесинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарындагы мектептерди жана балдар бакчаларын көрүп чыгып, билим берүү мекемелеринин сырткы жана ички абалын жакшыртуу боюнча тапшырма койгон.
Ага ылайык, 2024-жылы 19 билим берүү мекемелеринде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, №38 Барпы Алыкулов атындагы мектептин, №53 мектептин чатыры жана ашканасы, Алтыбаев жана Керме-Тоо атындагы мектептердин чоң жыйындар залы жаңыланган.
Учурда Х. Абдуллаев атындагы №41 мектептин чоң жыйындар залын оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.
Пикир
Оставить комментарий