• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Былтыр Өзбекстанга чет өлкөлөрдөн 14,8 млрд доллар которулган

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 21.01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. 2024-жылы Өзбекстанга акча которуулардын көлөмү 14,8 млрд долларды түздү. Бул тууралуу мамлекеттин Борбордук банкы маалымдайт.

Өткөн жылга салыштырмалуу которуулар 30 пайызга же 3,4 млрд долларга өскөн.

Анын 77 пайызы (11,5 млрд доллар) Россиядан келген, бул 2023-жылга салыштырмалуу 29 пайызга көп.

Калган которуулар Казакстандан (795 млн доллар), АКШдан (577 млн доллар), Түштүк Кореядан (534 млн доллар), Түркиядан (405 млн доллар), Улуу Британиядан (135 млн доллар) жана башка өлкөлөрдөн келген.

Адистердин айтымында, 2024-жылы 2023-жылга салыштырмалуу акча которуулардын көлөмүнүн өсүшү эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү оң тенденцияларга байланыштуу. Атап айтканда, мигранттарды кабыл алган өлкөлөрдө экономикалык активдүүлүктүн өсүшү, эмгекке болгон суроо-талап жана эмгек акынын деңгээли, ошондой эле миграция географиясында кирешеси жогору өлкөлөрдүн үлүшүнүн өсүшү.

2024-жылы Өзбекстанга акча которуулардын көлөмү 2023-жылга салыштырмалуу Улуу Британиядан 83 пайызга, Түштүк Кореядан 56 пайыз, АКШдан 35 пайыз жана Европа биримдигинен 32 пайызга өскөн.

Пикир

Оставить комментарий