• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргызстан 31,3 млн доллар насыя алат

Президент 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 6-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “CASA-1000” Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2024-жылдын 21-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “CASA-1000” Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 27-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты көрсөтүлгөн Макулдашууларды ратификациялоо үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Каржылоо жөнүндө макулдашуунун жоболоруна ылайык Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 18,3 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик каражаттарды жылдык 0 % пайыздык ставка менен 50 жылга бөлүп берет, анын ичинде жеңилдетилген мезгил – 10 жыл.

Кредиттик макулдашуунун жоболоруна ылайык Ислам өнүктүрүү банкы 13,0 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик каражаттарды жылдык 1,5 % пайыздык ставка менен 25 жылга бөлүп берет, анын ичинде жеңилдетилген мезгил – 7 жыл.

Пикир

Оставить комментарий