Бишкек, 31.12.18. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери 2018-жылдын 24нөн 30-декабрына чейин 3 миң 233 жол кыймылынын эрежесин бузууларды аныкташкан.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, эреже бузуулардын басымдуу бөлүгү - 621и жогорку ылдамдыкта унаа башкаргандар.
Андан тышкары:
-мас абалында унаа башкаруу – 31;
-терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкаруу – 6;
-тиешелүү документи жок - 61 айдоочу;
Атайын айып унаа токтотуучу жайына 74 унаа токтотулган.
Пикир
Оставить комментарий