• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жаңы жылдык майрамдарда энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштейт

Коом 0

Бишкек, 31.12.18. /Кабар/. Жаңы жылдык жана Рождество майрамдарына, ошондой эле жумушчу күндөрдүн жылдырылышына байланыштуу “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ААКсы күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыздоо үчүн жасалып жатат, - деп билдирет аталган мекеменин басма сөз кызматы.

Ведомстводон кабарлашкандай, 2019-жылдын 1-7-январь күндөрү профилактикалык иштер аткарылбайт. Себеби айрым учурда профилактикалык иштерди аткарууда жарыкты кыска мөөнөткө өчүрүүгө туура келет.

Кандайдыр бир чукул жагдайларда аны жокко чыгарууга алдын ала чаралар көрүлгөн.

Мындан тышкары, “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ААКсынын жооптуу адистери, баардык кеңселеринин жетекчилери, компаниянын борбордук аппаратынын жетекчилери нөөмөткө туруп иш алып барышат.

Энергетикалык ишканаларынын объекттерин кароолго алуу күчөтүлүп, көмөк чордондорунун өндүрүш жана кызматтык имараттарынын абалы текшерилип, өрт коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда.

Ошондой эле мекемелер арасындагы байланыш, анын ичинде мобилдик байланыш жагы да текшерилген.

Пикир

Оставить комментарий