Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. 19-июлдан 25-июлга чейинки аралыкта Чүй облусунун аймагында милиция кызматкерлери жалпы 2 миң 258 жол эрежесин бузуу фактысын аныкташты.
Чбуй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, анын ичинен:
- 32 айдоочу унааны мас абалында башкарган;
- 814 айдоочу унааны жогорку ылдамдыкта айдаган;
- 23 айдоочу унааны документсиз айдаганы үчүн кармалган;
- 63 унаа айып аянтчасына токтотулду.
Чүй облустук милициясы тбоюнча ЖКККБ айдоочулардан жол эрежесин бузбоону суранат.
Пикир
Оставить комментарий