Бишкек, 25.05.20. /Кабар/. Чүй облусунда бир жуманын ичинде 9 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Башкармалыктан белгилешкендей, 18-майдан 24-майга чейинки аралыкта инспекторлор тарабынан 2 миң 172 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган.
Анын ичинен:
- Мас абалында унаа башкаруу – 9;
- Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкаруу – 7;
- Ылдамдыкты ашыруу – 812. Жалпысынан 14 автоунаа айып унаа токтотуучу жайга киргизилген.
Пикир
Оставить комментарий