• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кытайда бир күн ичинде коронавирус жуктурган жаңы 11 учур катталды

Дүйнө 0

Бишкек, 25.05.20. /Кабар/. Кытайда бир күн ичинде коронавирус жуктурган жаңы 11 учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришкенин РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жаңы коронавирус жуктурган учурлардын баары сырттан келген. Ошондой эле 7 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Кытайда жалпысынан илдетти 82 миң 985 жаран жуктурган. Алардын 78 миң 268и айыкса, 4 миң 634ү каза болгон. Учурда 83 бейтап дарыланууда.

Ал эми Гонконгдо коронавирус пайда болгондон бери 1 миң 65 учур катталган. Алардын ичинен 4 адам каза болуп, 1 миң 30 жаран айыккан.

Пикир

Оставить комментарий