• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Чүй облусунда кант диабетин алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.04.24. /Кабар/. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, Бүткүл дүйнөлүк диабет фондунун жана "Чүй диабет коому" коомдук бирикмесинин өкүлдөрүн кабыл алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Кыштобаева биринчи медициналык-санитардык жардамды бекемдөө жана калк үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи.

2022-жылдан баштап Чүй облусунда Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана бүткүл дүйнөлүк диабет фонду тарабынан кант диабетине жардам көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча долбоор иштеп жатат.

2023-жылы көздүн жабыркоосун диагностикалоону оптималдаштыруу үчүн Аламүдүн районунун жана Токмок шаарынын бейтаптары үчүн 2 стационардык жана 2 көчмө фундус камерасы, ошондой эле медайымдар үчүн 33 планшет сатып алынган. Долбоордун жүрүшүндө 72 дарыгер жана 119 медайым окутулду.

Жолугушуунун соңунда Чүй облусунун башчысы Канат Жумагазиевдин атынан ыраазычылык каттары салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий