• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ошто кыргыз тилин окутуунун инновациялык усулдарынын көргөзмөсү өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. ОшМУда шаардагы ЖОЖдорго кыргыз тилин окутуунун инновациялык усулдарынын көргөзмөсү “Кыргыз тилин үйрөтүү боюнча инновациялык усулдуктардын көргөзмөсү” деген темада өттү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул көргөзмө Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чаралардын алкагында өткөрүлүүдө.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине Ош шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Мээрим Бакир кызы, ОшМУнун социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова, Ош КУУнун проректору Сыргак Сарыков катышты.

Пикир

Оставить комментарий