• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Оштогу стадиондун айланасындагы жерлер кандайча жеке жактарга берилип кеткен? Мэриянын жообу

Аймак 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Ош шаарындагы А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондун айланасындагы жерлер 2000-2010-жылдар аралыгында жеке жактарга берилген.

Муниципалитеттен билдиришкендей, стадионунун кире беришиндеги "Топ спорт" спорттук дүкөнгө Ош шаарынын мурдагы мэри Жумадыл Исаковдун 2006-жылдын 29-мартындагы токтомунун негизинде 2007-жылдын 24-январында жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилген.

Ал эми "Аделия" той көйнөк сулуулук салону турган кыймылсыз мүлк Ош шаардык мамлекеттик администрациясынын башчысы Жусупбек Шариповдун 2000-жылдын 19-июнундагы токтомунун негизинде кафе курууга, ал эми мурдагы мэр Жантөрө Сатыбалдиевдин 2003-жылдын 21-августундагы токтомунун негизинде аталган жер участогун сатууга макулдук берүүгө өзгөрткөн. Ал эми Ош шаарынын экс-мэри Сатыбалды Чырмашов 2004-жылдын 16-декабрындагы жер участогуна болгон (жердин аянты 228,0 ч.м.) жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысын даярдап берген.

Ошондой эле "Vint" бильярд клубу Ош шаарынын мэри Исаков Жумадыл Ырысбаевичтин 2006-жылдын 27-сентябрындагы токтому менен Амираев Токтогулга мүлктү Бильярд ойноочу жай катары профилин өзгөртүүгө жана 2-кабаттуу кошумча курулуш курууга макулдук берип, 2006-жылдын 14-декабрында Амираев Токтосунга мамлекеттик акт берген.

Мындан сырткары, “Алай ЛНТ” ЖЧКна 15-жылдык мөөнөткө мурдагы мэри Жантөрө Сатыбалдиевдин 2002-жылдын 10-майындагы токтомунун негизинде 700 чарчы метр жер тилкесине суусундук чыгаруу цехин курууга ажыратып берилген. Андан кийин мурдагы мэр Жумадыл Исаковдун 2005-жылдын 23-декабрындагы токтомунун негизинде 700 чарчы метр жер тилкесин жеке менчике бекитип берип, анын негизинде 2006-жылдын 13-январындагы жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысын берген.

Дагы бир жер аянты 2009-жылы мэр Мелисбек Мырзакматовдун токтому менен борбордук стадиондун жанында жайгашкан жалпы аянты 0,84 чарчы метр жер тилкеси Шайлообек Атазов жеке менчик укугу менен катталып берилген.

"Ал эми калган жеке жактарга өтүп кеткен жер аянттары боюнча учурда кошумча тактоо иштери жүрүп жатат. Материалдар толук каралып чыккан соң алар боюнча да маалымат беребиз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий