• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Чүй облусунда Кыргыз судьялар ассоциациясынын конференциясы өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бүгүн Чүй облусунда Кыргыз судьялар ассоциациясы коомдук уюму тарабынан жыл сайын өтүүчү Х конференциясы өтүүдө.

Иш-чара өлкө аймагында уланып жаткан зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниясынын алкагында “Укуктук адилеттүүлүктү чыңдоо: бекер юридикалык жардам алуу, сот системасында аялдарды колдоо жана гендердик зомбулуктун алдын алуу” темасында өтүүдө.

Конференцияга Кыргызстан жана Казакстандын судьялары, мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле адвокаттар жана эксперттер катышууда.

Конференциянын негизги максаты - сот адилеттигин жакшыртуу жана аялдардын укуктарын коргоо боюнча сунуштарды жана практикалык кадамдарды иштеп чыгуу.

Маалымат үчүн: “Кыргыз судьяларынын ассоциациясы” коомдук уюму 2015-жылдын февраль айында КР судьялары тарабынан түзүлгөн. 2015-жылдын июнь айында Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн жана калктын аялуу катмарынын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу аркылуу соттук реформага көмөктөшүү жаатында иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий