Бишкек, 17.01.25. /Кабар/. Бүгүн экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков үзгүлтүксүз базальт буласын өндүрүүүчү завод куруу боюнча инвестициялык келишимге кол койду.
Ведомстводон маалымдашкандай, бул инвестициялык келишим Чүй облусунда завод курууну караштырат, ал өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүдө жана өлкөнүн экономикасына инвестицияларды тартууда маанилүү кадам болмокчу.
Долбоордун алкагында "Базальт Эвотек" ЖЧКсы заводдун курулушуна 34 млн доллар инвестициялоону жана заводду ишке киргизүү учурунда кеминде 70 жаңы жумуш орундарын, ал эми завод толук кубаттуулукка чыкканда кошумча 130 жумуш орундарын түзүүнү пландаштырууда.
Заводдун долбоорлонгон өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5000 тонна продукцияны түзөт. Заманбап технологияларды ишке киргизүү жана базальт буласынын жогорку сапаттагы тынымсыз өндүрүшү Кыргызстандын экспорттук потенциалын жакшыртууга жана анын өнөр жайынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтөт.
Пикир
Оставить комментарий