• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Чүй облусунда жасалма номерлүү унаага 45 миң сом айып салынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында унаасына жасалма номер тагып, терезелерин караңгылатып, кошумча жаркылдоочу каражаттарды орнотуп алган айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, күн мурун жол инспекторлору тарабынан кармалган Toyota Camry үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна 45 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды.

“Текшерүү учурунда 2002-жылы туулган К.А аттуу айдоочу өзүнүн унаасына жалган, жасалма мамлекеттик номерди тагып жүргөндүгү, унаасынын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандыгы жана жаркылдоочу каражаттарды мыйзамсыз орноткондугу аныкталган. Бул факты боюнча автоунаа айып короо жайына токтотулуп, айдоочусуна карата 45 миң 500 сомго айып салынды”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий