Бишкек, 30.08.21. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында 23-29-август аралыгында жол эрежесин бузуу боюнча 3 миң 12 факты катталды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
Мас абалында унаа башкаруу – 59 факты;
Катуу ылдамдыкта унаа башкаруу – 945 факты;
Тиешелүү документтери жок унаа башкаруу – 34.
“Токтотулган унаалардын ичинен 88и айып аянтчасына киргизилген”, - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий