• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жайыл жана Москва райондорунда 2 күндүк рейддин жүрүшүндө 14 мас айдоочу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.08.21. /Кабар/. Жол кырсыктарынын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу 27-29-агуст аралыгында Чүй облусунун Жайыл жана Москва райондорунда облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын текөөчүлөр тарабынан «БАХУС» аталышындагы рейддик иш-чара өттү. Бул тууралуу Чүй ИИББдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара жол эрежелеринин одоно бузууларды, мас абалында унаа башкаргандарды аныктоого, балдардын жаракат алуусун азайтууга жана жарандардын укук бузууларына бөгөт коюуга багытталган.

Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер тарабынан 165 жол эрежесин бузуу аныкталган, анын ичинен 14 жаран унааны мас абалында башкарган, жалпысынан токтотулган унаалардын ичинен 24ү айып аянтчасына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий