• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

COVID-19: Акыркы суткада 3 миңден ашык адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 30.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 3 миң 87 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 893 адам вакцинанын биринчи дозасын, 2 миң 194 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 676 миң 330 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 434 миң 97 2жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий