Ысык-Ата, Чүй, Кемин райондорунда мыйзамсыз жайгашкан объектилер буздурулууда

Аймак 0

Бишкек, 02.06.24./Кабар/. Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондорунда мыйзамсыз жайгашкан объектилерди буздуруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошондой эле аталган аймактарда жайгашкан соода-сатык объекттеринде дизайн код боюнча иреттөө иштери орун алууда.

Иретке келтирүү иштерин Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, директордун орун басары Бакай Турдугулов жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жеринен көзөмөлдөөдө.

Пикир

Оставить комментарий