• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Шевченко: Ош шаарына келгениме кубанычтамын - сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. Бүгүн, 9-апрелде UFC чемпиону Валентина Шевченкону Ош Эл аралык аэропортунан шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык спорт комитеттин өкүлдөрү, жаштар жана спортчунун күйөрмандары салтанаттуу тосуп алышты. Чемпион менен чогуу анын машыктыруучусу Павел Федотов, апасы Елена Шевченко учуп келди. Алгач шаар жетекчиси Т.Сарыбашов мушкерди чемпиондук наамы менен куттуктап, кыргыздын улуттук киймин кийгизди.

Ошондой эле, башына ак жоолук салып, атайын жасалган статуэтканы белек кылды. Валентина Шевченко Ош шаарына келгенине кубанып жатканын айтып, жылуу тосуп алгандарга ыраазычылык билдирди.

“Ош шаарына акыркы жолу 2000-жылы келгенмин. Кыргызстанга келгенден кийин Ошко келбей кое албадым. Анткени бул жерде аралаш мушташтын күйөрмандары абдан көп”, - деди В.Шевченко.

Андан соң мушкерди аэропортко келген күйөрмандары тосуп алып, жол тандабастарда шаарга узатышты. Ага улай пресс-конференция уюштурулуп, Валентина Шевченко, машыктыруучусу, апасы жана “Кулатуу Эртаймаш ММА” федерациясынын өкүлдөрү журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Пикир

Оставить комментарий