• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Түп районунда арпа, буудай аянттарын мөндүр алып кеткен

Аймак 0

Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев, Түп районунун акими Каныбек Адиев менен бирге Түп районунда мөндүр алып кеткен айдоо аянттарын кыдырды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда арпа, буудай түшүмдөрүнөн кол жууган дыйкандар арыз-муңдарын айтып, айрымдары үрөндү насыяга алып сепкенин билдиришти. Алар бийликтен жардам сурап, келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү өтүндү.

Бийлик өкүлдөрү келтирилген чыгымдардын көлөмү такталып жатканын, келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшай турганын билдиришти.

Учурда айдоо аянттарын сел алып кеткен Түптүн Балбай, Күрмөнтү айылдарында арыктарды, жолдорду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий