Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында 16-22-август аралыгында жол эрежесин бузуу боюнча 2 миң 648 факты катталды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
Мас абалында унаа башкаруу – 51 факты;
Катуу ылдамдыкта унаа башкаруу – 1 миң 40;
Тиешелүү документтери жок унаа башкаруу – 29.
“Токтотулган унаалардын ичинен 81и айып аянтчасына киргизилген”, - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий