• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүйдүн Жээк айылында 80 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жээк айылында 80 орундуу бала бакчанын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Ысык-Ата акимчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакча Ас-Сафа коомдук бирикмесинин демөөрчүлүгү аракасында курулат. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында курулушу толугу менен аяктап, пайдаланууга берилет.

Капсула салуу аземине Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Ногайбек Самтыров, Жээк айыл өкмөтүнүн башчысы Ранат Абакиров, район прокурору Чыңгыз Ахматов жана аталган коомдук бирикменин өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий