• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жалал-Абад шаарынын Балтагулов көчөсүнө тротуар курулууда

Аймак 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Балтагулов көчөсүнө кеңдиги эки метр, узундугу бир чакырымдан ашык аралыкка тротуар курулуп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, курулуш иштери мэриянын жол башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө. Буга чейин аталган көчөдөгү тротуардын аймагына мыйзамсыз чыгып кеткен бир катар курулуштар буздурулган.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарына жалпы 13 чакырым тротуар куруу, 14,2 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.

Пикир

Оставить комментарий