• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жылдын I кварталында бюджетке салыктык эмес кирешеден 12,1 млрд сом түштү

Экономика 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. 2023-жылдын биринчи кварталында мамлекеттик бюджетке салыктык эмес кирешелердин иш жүзүндө түшүүсү 12,1 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, план 172,9%га ашыгы менен аткарылды.

Бюджеттин кирешелери кошумча киреше булактарын издөөнүн, ошондой эле мамлекеттин пайдасына болгон коррупциялык иштерди аныктоонун эсебинен көбөйдү.

Эскерте кетсек, 2022-жылы салыктык эмес кирешелерден мамлекетке 6 млрд сом түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий