Үч шайлоо округунан алдыга озуп чыккан талапкерлер белгилүү болду – БШК

Коом 0

Бишкек, 30.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Ноокат, Свердлов жана Ысык-Көл шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча, саат 20:40ка карата 175 участоктун 173үнөн, башка айтканда 98,8%ынын автоматтык эсептөөчү урналарынан маалыматтар келип түштү.

Бардык шайлоо участкаларында добуштарды милдеттүү түрдө кол менен саноо жүргүзүлөт. Анын негизинде жалпы округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылат.

БШК билдиргендей, №5 Ноокат округундагы 91 миң 57 шайлоочунун 25 миң 611и же 28,13%ы добуш берди.

Ал эми №29 Свердлов округунун 122 миң 975инин 16 миң 424 шайлоочусу же 13,36%ы катышты. №36 Ысык-Көл округу боюнча 97 миң 331 шайлоочунун 21 миң 807си же 22,40%ы добушун берди.

Ноокаттан Марипов Бакытбек Асамидинович 11 миң 523 же шайлоочулардын 44,99%ынын добушун алып, атаандаштарынан алдыга чыкты.

Ысык-Көл округу боюнча Тыналиев Айжигит Казакбаевич 3498 шайлоочунун (16,04%) добушуна ээ болду.

Свердлов районунан Салымбеков Жумабек Мамытбаевичке 10 миң 611 шайлоочу добушун берди. Бул 64,61%ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий