• 87
  • 90.41
  • 0.84

Чек ара чырынан 129 турак үй жана 83 объект жабыркаган. Акыркы маалыматтар

Коом 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Баткен облусундагы чек ара чырынан жабыркаган турак үйлөрдүн саны 129га жетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 129 турак үй жана 84 объект жабыркаганы аныкталды, анын ичинен: 1 мектеп, 1 ФАП, 1 бала-бакча, 1 ИИМ имараты, 4 чек ара бекети, 1 медициналык борбор, 1 стамотология, 2 дарыкана, 1 китепкана, 1 өрт-куткаруу бөлүгү, 27 май куюучу жайы, 34 соода түйүндөрү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган жана өрттөлгөн.

Бүгүнкү күндө келтирилген материалдык чыгымдар боюнча ЖК комиссиялары иш алып барылууда.

Пикир

Оставить комментарий