• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Чек ара: Евробиримдик жабыркаган баткендиктерге € 210 миң бөлдү

Коом 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Евробиримдик Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында сентябрдын ортосунда болгон куралдуу кагылышууга жооп катары 210 миң евродон ашуун гуманитардык жардам көрсөтөт.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдиргендей, жардам Баткен облусундагы жапа чеккен тургундарды колдоого багытталат.

Евробиримдиктин каржылоосу Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай Коому (КР КЖУК) аркылуу жабыр тарткан үй-бүлөлөргө, өзгөчө үй-жайынан айрылгандарга акчалай жөлөкпулдарды бөлүштүрүүгө багытталууда. Мындан тышкары, ден соолукту жана гигиенаны чыңдоо иш-чаралары, гигиеналык каражаттар жана психологиялык колдоо да көрсөтүлмөкчү.

Каржылоо Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдор федерациясынын алдындагы (ЭККФ) Табигый кырсыктар үчүн өзгөчө кырдаалдар жардам көрсөтүү фондуна (DREF) Евробиримдик салымынын жалпы бир бөлүгү, ошондой эле муктаж болгон жамааттарга натыйжалуу жана ылайыкташтырылган жергиликтүү жоопту камсыз кылуу үчүн ЭККФ менен программалоо өнөктөштүгүнүн бир бөлүгү болуп саналат.

Жалпы маалымат: Евробиримдик жана анын мүчө-мамлекеттери гуманитардык жардам боюнча дүйнөдөгү алдыңкы донор болуп саналат. Жардам дүйнө жүзү боюнча муктаж адамдарга карата Европа тилектештиктигинин мисалы болуп саналат. Ал адамдардын өмүрүн сактап калууга, адамдардын кайгысын алдын алууга жана жеңилдетүүгө, ошондой эле табигый кырсыктардан жана антропогендик кризистерден жапа чеккен калктын бүтүндүгүн жана адамдык кадыр-баркын коргоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий