Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. УКМК Чек ара кызматынын Борбордук аппаратында жана Башкы штабында коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине арналган кеңешме өттү.
Ведомстводон билдиришкендей, кеңешме Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасын аткаруунун алкагында уюштурулду.
Аскер кызматчыларынын алдында сүйлөп жатып, УКМКнын Башкы башкармалыгынын башчысы Э.Маканбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кеңири иш-аракеттерди жүргүзүп жатканын белгиледи. Атап айтканда, ал аскер кызматчыларга мамлекеттик кызматкерлерге карата коррупциялык кылмыштар үчүн мыйзамдардын күчөтүлгөнү тууралуу маалымат берди.
“Коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдар эркинен ажыратууга чейинки катуу жазага тартылат. Андан сырткары, алардын жакын туугандары мамлекеттик кызматтан четтетилип, өздөрү түбөлүккө мамлекеттик структураларда иштөө укугунан ажыратылат”, - деп билдирди Маканбаев.
Ал коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралардын күчөтүлүшүн мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү тамыры менен жок кылуу зарылдыгы менен байланыштырды.
“Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топторду жоюу боюнча ийгиликтүү тажрыйба бар. Бул тажрыйба коңшу өлкөлөрдө да колдонула баштады. Азыр биздин алдыбызда андан да татаал милдет турат, бирок биз аны ийгиликтүү чечебиз деп ишенебиз”, - деп белгиледи ал.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору А.Алимбаев коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик саясаттын башкы багыттарынын бири экенин ырастады.
“Чек ара кызматында коррупциялык көрүнүштөр орун ала турчу жана тобокелдик жараткан кызматтарды аныктоо боюнча жана коррупцияга каршы күрөшүү механизмин иштеп чыгуу боюнча кеңири иштер жүргүзүлдү. Бирок бул жааттагы натыйжалар жетишсиз экенин түшүнөбүз жана бул багыттагы аракеттерибизди мындан ары да күчөтө беребиз”, - деди Алимбаев.
Кеңешменин жыйынтыгында Чек ара кызматындагы коррупцияга каршы күрөш ишин мындан ары бекемдөө, анын ичинде аскер кызматчыларынын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү, ошондой эле ачык- айкындуулукту жана отчеттуулукту жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Иш-чарага башкаруу органдарынын жетекчилери, Чүй облусунда жайгашкан өткөрүү пункттарынын башчылары катышты.
Пикир
Оставить комментарий