• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Чек ара жаңжалынан курман болгондордун баарына үй берилген – Чек ара кызматы

Коом 0

Бишкек, 15.01.25. /Диана Айдарова – Кабар/. 2022-жылы Баткенде орун алган чек арадагы куралдуу жаңжалда каза тапкан чек арачы Мирлан Ниязовдун жубайы Сатина Лайлиева бийликке кайрылуу жасап, мамлекет убада кылган батирди бербей жатат деп “Ынтымак-Ордого” баргандыгы тууралуу видео жарыяланды.

Белгилүү болгондой, 2022-жылдын сентябрындагы куралдуу кагылыштын кесепетинен, Баткен облусунда 422 үй жарактан чыккан. Анын 418и жаңыдан курулуп, 4 үй капиталдык ремонттон өткѳрүлүп ээлерине тапшырылган. Ошондой эле чек арадагы куралдуу жаңжалда шейит кеткен чек арачы Мирлан Ниязовдун үй-бүлѳсүнѳ да турак жай берилген. Ал эми анын жубайы Сатина Лайлиеванын интернеттеги видео кайрылуусу бул кайненеси менен болгон үй-бүлѳлүк ич ара келишпестиктен чыккан маселе экени белгилүү болду.

Маркум Мирлан Ниязовдун жубайы Сатина Лайлиеванын мамлекетке койгон доосу боюнча, президенттин Баткен облусундагы мурдагы өкүлү Абдикарим Алимбаевге кайрылып төмөнкүдөй жооп алдык.

«Баткен облусундагы кыргыз тажик чек арасындагы болгон коогалаңда көптөгөн эр-азаматтарыбыз курман болгон. Мамлекет каза болгон бардык баатырлардын үй-бүлөсүнө ашыгы менен жардам берди. Албетте канча жардам берсең да бул алардын эрдигинин алдында аздык кылат. Бирок, мамлекет абдан жакшы жардам көрсөттү. Эч бири көз жаздымда калган жок. Алардын ичинде Мирлан Ниязов деген чек арачыбыз дагы элим-жерим деп курман болгон. Анын ата мекенге болгон эмгегин баалап УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен демөөрчүлөр тараптан Мирлан Ниязовдун апасына жана биринчи жубайынын уулуна Ош шаарынан 2 бөлмөлүү батир берилген. Учурда ал үйдө апасы менен уулу жашап жатат.

Мамлекет тараптан Мирлан Ниязовдун жакындарына 2 миллион сомдон ашык акча каражаты берилген. Тактап айтканда апасына, биринчи жубайынын баласына жана экинчи жубайы Сатина Лайлиевага. Бирок ошол 2 миллиондун көпчүлүк бөлүгүн, 1 миллион 300 миң сомун экинчи жубайы Сатина Лайлиева алган.

Мындан тышкары, Мирлан Ниязов менен чогуу кызмат кылган чек арачылар дагы акча топтоп Сатина Лайлиевага тапшырышкан. Ошондой эле Камчыбек Ташиев дагы кошумча 100 миң сом акча каражатын берген. Ноокат районунун администрациясы дагы акча беришкендиги ырас.

Мындан сырткары Сатина Лайлиева үй сурап кайрылган. Өз кезегинде чек арачылар тарабынан Баткен чек ара отрядынан заманбап, жаңы бүткөн үйдөн 2 бөлмөлүү батир берүү сунушу айтылган. Бирок, ал жерден батир алуудан баш тарткан. Мен ал кезде Баткен облусунун губернатору болгондуктан, менде чек арада курман болгондор боюнча толук маалымат бар.

Сатина Лайлиеванын турак жай Бишкекке жакын болсун деген талабынан улам, Чүй облусунун Новопокровка айылындагы чек ара башкармалыгынан жаңы салынган кызматтык үйдөн 2 бөлмөлүү батир берүүнү сунушташкан. Бирок, андан дагы баш тарткан. Чек арада кызмат кылып, келечекте мыйзам чегинде менчиктештирип алса болот. Мыйзам ага жол берет. Мындан улам чек арачылар Лайлиевага кесиптешинин жубайы катары жардам колун сунуп, Баткен десеңиз Баткенге, Бишкек десеңиз Бишкекке чек ара кызматына кызматка алалы, келип иштеңиз деп сунуш кылышат. Балдарыңызды болсо чек арачылардын балдары үчүн салынган, бардык шарттары бар бала бакчага орноштуруп берели дешет. Иштеңиз, балдар бакчага барсын, кызматтык үйдү сизге менчиктештирип берели дегенде, ал дагы баш тартат.

Чек ара кызматынын мурунку жетекчиси Шаршеев да Лайлиеваны сүйлөшөлү деп чакырганда ал келген эмес экен. Мен бул кызматка жаңы келген жетекчи катары Сатина Лайлиеваны чакырам. Бүгүн келсе да кабыл алып сүйлөшүүгө даярмын. Ага кызматтык үй берип, жумушка алып, балдарын бала бакча менен камсыз кылууга даярмын. Сатина Лайлиева жеке үй-бүлөлүк пикир келишпестигин коомчулукка алып чыгып, мамлекетти күнөөлөп, маркумдун үй-бүлөсүн карабай койду дегени жосунсуз жорук" - деди Абдикарим Алимбаев.

Ал эми маркум Мирлан Ниязовдун апасы, Сатина Лайлиеванын кайненеси баласынын эрдиги үчүн аларга мамлекеттен үй берилгенин тастыктап, учурда ал уулунун баласы менен жашап жатканын жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде айткан.

"Бизге мамлекет тараптан үй берилген. Баламдын сөөгүн жерге койгондон 3 сааттан кийин эле, администрациядан берилген 100 миң сом акчаны алып, келинибиз качып кеткен. Быйыл үчүнчү жыл болуп жатат, жүзүн көрө элекмин. Апасын унаасына салып алып, качып кеткендиги боюнча акт бар. Эл, айыл башчылар баары күбө болгон. Кыркылыгы өткөн соң демөөрчүлөр келип, аялы кетип калыптыр, чечимди биз чыгарабыз дешти. Ошентип үйдү менин атыма каттатып коюшту. Биринчи аялынан эки уулу бар, бирөөсү чарчап калды, бирөө учурда студент. Биз ал келинди таштап койбой өзүбүз эле карап, багып алат элек. Жылан чакпай, жылкы теппей эле кетип калды.

Сатина Лайлиева уулумдун экинчи аялы. Алардын никелешүү тууралуу күбөлүгү бар. Ошон үчүн ушундай кылып жатат окшойт да. Өкмөттүн берген 2 миллионуна эки жыл мурун эки бөлмөлүү үй келет болчу. Инилерине камаз миндирип, апасына унаа алып алмаштырып бербей, балдарынын тагдырын ойлош керек болчу" - деп билдирген маркум Мирлан Нязовдун апасы.

Бул иш боюнча УКМКнын Чек ара кызматынын тарбия иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Раимбек Турдалиев Сатина Лайлиевага болгон бардык сунуш берилип, ал баарынан баш тартканын айтты.

"Кызматтык батир албасаңыз, ипотекалык үйлөрдөн алыңыз десек, “мен аны төлөй албайм” деп ага да көнгөн жок. Мамлекет тарабынан бир аскер кызматкерине бир эле үй берилет. Анын биринчи аялына бир үй, экинчи аялына бир үй, энесине бир үй деп бере албайт. Чек ара чырында каза болгон аскерлердин баарына үй берилген", - деди ал.

Белгилей кетсек, 2023-жылы 11-декабрда президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Капчыгай жана Достук айылдарында аймактагы каргашалуу окуяларда талкаланган турак үйлөрдүн ордуна курулган үйлөрдүн абалы менен таанышкан.

Пикир

Оставить комментарий