Кыргыз журналисттеринин Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдук районуна (СУАР) болгон таанышуу сапарынын алкагында кытай тараптан "Торугарт унаа жолу" көзөмөл өткөрмө-пунктуна барышты.
Торугарт көзөмөл пункту Кыргызстандын Нарын облусу жана Кытайдын СУАР Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусу менен чектеш жайгашкан.
Көзөмөл жайынан алыс эмес жерде жаңы кичирайондор орун алган. Дээрлик беш жыл мурун жергиликтүү кыргыздар көчмөн жашоо образын токтотуп, жаңы кичирайондогу батирлерге көчүп киришкен.
Бир нече айылдын жашоочулары көчүп кирген анча бийик эмес үч кабаттуу үйдө бардык шарттар бар. Аталган батирлерди өз менчиктерине өткөрүп алыш үчүн жашоочулар каражаттын аз гана бөлүгүн төлөшкөн. Ал эми негизги сумманы Кытайдын өкмөтү төлөп берген.
– Мурда поликлиникага жана административдик имараттарга баруу кыйынчылыктарды жаратчу. Эми алардын бардыгы жакын жайгашкан, бул жерде жада калса үй-бүлөлүк дарыгерлер да бар. Мурда эч кандай шарт жок болчу. Элдер тоодо жашап турган кезде суу, жылуулук боюнча көйгөйлөр болчу. Учурда бизде батирде газ, электр жарыгы, жылуулук, ичүүчү суу жада калса Интернет дагы бар, – деп билдирди жергиликтүү тургандардын бири.
Жалпысынан жаңы кичирайондо 136 үй-бүлө, башкача айтканда, 148 адам жашайт. Алар негизинен чектеш аймакта соодагерлик чыгып, чек араны кайтарып эмгектенишет. Жергиликтүү тургундун айтуусунда, алардын кирешеси жыл сайын өсүүдө. Медицина жана билим берүү жеткиликтүү болуп калды. Балдар бала бакча жана мектепке бара башташты.
– Учурда таптакыр башкача болуп калды. Мунун бардыгы Кытайдын Коммунисттик партиясынын жардамы менен. Учурда кары-картаңдар жөлөкпул алып, балдарга жардам беришүүдө. Мурда тоодо эч кандай шарты жок жашайт элек. Негизинен мал чарбачылык менен алектенсек, эми учурда иштеп жатабыз. Айрымдары чек арада иштеп жатышат. Унаа менен жетчү жерге унаа менен жетип, андан ары ат менен сапарларын улап, чек араны кайтарышат, – деп айтып берди жергиликтүү тургун Турдумамет Абдрахман уулу.
Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун Байкуртку айылынын башчысы Таннура Акун кызы билдиргендей, мурда жергиликтүү жашоочулар тоодо эч кандай шарты жок болгон боз үйлөрдө жашап журүшкөн.
– Азыр ар бир үй-бүлөнүн 30-40 чарчы метрден өз дүкөндөрү бар. Айрымдары ижарага берип, акча тапса, кээ бирлери өздөрү соода кылышат. Мурда элдер катаал климаттык шарттарда суу, жылуулук жок күн кечирип жүрүшчү, – дейт Таннура Акун кызы.
Айта кетчү нерсе, шаардан кыйла алыс жайгашкан бул кыштакчанын жолдору, видео байкоо жана инфраструктурасы жакшы экен. Андан тышкары, Кытай өкмөтү балдардын билим берүүсүнө өзгөчө көңүл бурууда. Чакан райондордо балдар бакчасы курулууда, ал жерде жергиликтүү тургундар эмгектенишет.
Пикир
Оставить комментарий