Чемпиондор лигасынын жарым финалында ойной турган командалар белгилүү болду

Коом 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын чейрек финалындагы оюндар аяктады.

Акыркы беттеш “Атлетико” менен “Манчестер Сити” жана “Ливерпуль” менен “Бенфика” командаларынын ортосунда болуп өттү. Эки оюндун жыйынтыгында “Манчестер Сити” менен “Ливерпуль” атаандаштарын жеңип алды.

Чемпиондор лигасынын жарым финалында ойной турган командалар:

27-апрелде Бишкек убактысы боюнча саат 1:00дө “Манчестер Сити” — “Реал” оюну;

28-апрелде саат 1:00дө “Ливерпуль” — “Вильярреал” оюну болот.

Жооптук беттештер:

4-майда саат 1:00дө “Ливерпуль” — “Вильярреал” оюну;

5-майда саат 1:00дө “Манчестер Сити” — “Реал” оюну өтөт.

Пикир

Оставить комментарий