• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте мектептеги билим берүүнүн сапаты талкууланды

Коом 0

Бишкек, 26.06.23. /Кабар/. Бишкекте “Мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн иш-чараларынын мазмуну жана уюштуруусу” аттуу форум өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, форумду Билим берүү министрлиги USAIDдин "Окуу Керемет" долбоору менен биргеликте уюштурду.

Иш-чаранын максаты - жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин билим берүүнү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча потенциалын жогорулатуу, милдеттерди шайкеш келтирүү жана усулдук камсыздоону уюштуруу боюнча милдеттерди бөлүштүрүү жана мектептердин үзгүлтүксүз кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Форумдун дагы бир максаты - райондордун, облустардын деңгээлинде усулдук иштерди уюштуруу жана өткөрүү функцияларын жана функционалдык жана маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү, STEM билим берүүдөгү жаңы ыкмаларды талкуулоо жана макулдашуу болду.

Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүүнү өнүктүрүү боюнча пландары, билим берүүнүн бардык баскычтарында усулдук иштерди уюштуруунун алдыңкы тажрыйбалары менен таанышуу болду.

Пикир

Оставить комментарий