Чет элдик студенттер Кыргызстанда билим алуусу үчүн 3 миң доллардан кем эмес каражат төлөйт

Коом 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Чет элдик студенттер Кыргызстанда билим алуусу үчүн 3 миң доллардан кем эмес каражат төлөйт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы медициналык билим берген окуу жайларда чет элдик студенттер 3 миң доллардан, ал эми жергиликтүү студенттер 60 миңден кем эмес акча каражатын төлөй тургандыгы белгиленген.

“Чет өлкөлүктөр бир жагынан алганда, инвестор да болуп калышат. Алар окууга төккөн акчасынан сырткары, жашаганы үчүн, ар кандай кызматтарды алууга каражаттарын жумшашат. Мисалы жылына алар мамлекетке 12-16 млрд доллардай акча калтырышат. Бул экономикага кошулуп жаткан салымдардын бири. Ал эми ЖОЖдорго чет элдик студенттерди кабыл алуу боюнча квотага чектөө жок. Талаптарга ылайык, университеттердин клиникалык базасына жараша ооруканасы болуусу керек. Анткени студенттердин практикалык жактан тажрыйба топтоосу маанилүү”, - деп кошумчалады ал.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 28 миң 800 чет элдик студент билим алууда. Анын басымдуу бөлүгүн Индия жана Пакистандан келген студенттер түзөт.

Пикир

Оставить комментарий