• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Чет өлкөдө абактарда отурган 22 жаран, каза болгон 10 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 12.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын чет өлкөнүн абактарында отурган 22 жараны жана каза тапкан 10 адамдын сөөгү мекенге алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги сентябрь айындагы чет мамлекеттердеги кыргыз элчиликтердин, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн иши тууралуу берген маалыматында билдирди.

Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, Кытайда, Россияда, Бириккен Араб Эмираттарында, Казакстанда, Өзбекстанда жана Украинада оор турмуштук кырдаалга туш болгондор Кыргызстанга кайтарылды. Ошондой эле, чет жерде абакта отурган Кыргызстандын 23 жараны менен консулдук жолугушуулар өткөрүлгөн.

Аны менен катар чет мамлекетте эмгектенген Кыргызстандын 10 жаранына 1 млн сомдон ашык төлөнбөгөн эмгек акысын өндүрүү маселеси оң чечилген.

Пикир

Оставить комментарий