• 87.86
  • 93.94
  • 1

Сугат мезгилине даярдык. Бишкекте арыктарды тазалоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Бишкекте арыктарды тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда арыктарды тазалоо иштери Турусбеков көчөсүндө, Тынчтык проспектисинде, Манас проспектисинин Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө, Сүйүнбаев көчөсүндө, Чүй проспектисинде, Абдрахманов, Тоголок-Молдо көчөлөрүндө, Эркиндик бульварында, А.Токомбаев, Каралаев, Юнусалиев, Медеров, Айтиев, Анкара, 7-Апрель көчөлөрүндө жүргүзүлүүдө.

Жалпысынан калаанын 29 миң 610 погондук метр сугат тутумдары тазаланды.

Пикир

Оставить комментарий