• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Чиновник азгырыктарга алдырбашы керек

Аналитика 0

Жакында дагы бир аткаминер коррупциялык иш менен кармалды. Бул кыргыз коомчулугуна көнүмүш болгон катардагы окуя. Чоң кызматта отургандар уурулук менен кармалса эле экс-премьер-министр Турсунбек Чынгышевдин “Кыргызстанда жалкоолор гана уурдабайт” деген сөздөрү эске түшөт.

Ооба, бардык өлкөлөрдө, ар мезгилде паракорлор, уурулар ар дайым болгон. Кыргызстандын жаңы тарыхында ар кандай кызматтагы чиновниктер уурулук, пара алууну гана үйрөнбөстөн, абийирди унутуп, элдин назарынан коркпой, чоң ичип, жеп, байлыгы менен мактанып, ачык эле жашап калган. Ошол кездеги коррупциялашкан коом, система адилеттүүлүккө жол берген эмес, анткени соттор өздөрү пара алышчу.

Жадакалса эл арасында “Адам тоок уурдаса, ал ууру. Миллион уурдаса – бизнесмен” деген тамаша пайда болгон.

Мына ушинтип жаңы типтеги адамдар – паракорлор, мамлекеттин чөнтөгүнө кол салгандар жана ар кандай шылуундар пайда болду. Байлыктарды мыйзамсыз топтоп алгандар, өздөрүн башкалардан бийик сезип, жашоонун кожоюндары болуп алышкан. Адамдын жашоосу ушундай болот турбайбы деп, алардан үлгү алгандар дагы көбөйдү. Адамдык баалуулуктар өзгөрүп, чынчылдык, абийир, парз, адептүүлүк деген сапаттар аркага жылдырылып, унутулуп калгандай.

Албетте, мунун баары өлкөнү көп жылдарга артка жылдырып салган. Жаңы бийлик ошол мезгилдеги текке кеткен мүмкүнчүлүктөрдүн ордун толтуруп, экономиканы көтөрүп, жарандардын жашоосун жакшыртууну каалайт. Бирок бул үчүн коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүп, өлкөнү бардык терс көрүнүштөрдөн арылтып, бардык жагынан жаңы, күчтүү, дени сак мамлекетти курууну каалайт. Бул анын колунан келет. Учурда жасалып жаткан жакшы иштерди такыр эле сокурлар менен дүлөйлөр көрүшпөй, укпай калбаса эле, калганы көрүп, билип турушат.

Президент “Кабар” агенттигине берген маектеринин биринде коррупциялык иштерге аралашкан чиновниктерге жеке өзү түшүндүрмө берди. Садыр Жапаров үчүн бул катардагы окуя эмес, анткени айдоочулук күбөлүктү сатып алган адам потенциалдуу кылмышкер, эртеби-кечпи унаасы менен адамдарды коюп кетиши мүмкүн. Ошондуктан президент бул кызматка бир гана чынчыл, таза адамды дайындоо чечимине келген. А бирок, “Бир тууганды ач көздүк бузду” дегендей болуп калды.

“2020-жылга чейин айдоочулук күбөлүк 15-20 миң сомго сатылып келгенин баарыңар жакшы эле билесиңер да. Кызматка жаңы келгенимде, бул тармакты ким тартипке салат деп сураштырып жүрүп, Рустам Жокоев деген жигитти койдум эле. Башында жакшы эле иштеп келди. Тартип орноп, айдоочулук күбөлүктү оңой менен ала албай калганыңарды сездиңер да”, - деген президент.

Президент жөн гана өзү жооптуу кызматтарга койгон чиновниктердин таза иштешин каалайт. Ооба, бардык чиновниктердин айлыгы жогору эмес, каржылык жактан байып кетүү азгырыгын бир аз болсо да четтетүү үчүн, Садыр Жапаров аларга “Демөөрчүлүк фондунан” кошумча төлөп берген. Бирок кээде азгырык ушунчалык чоң болот турбайбы. Кыскасы, бийликтин сыноосуна баары эле чыдай бербейт.

Президенттин түшүндүрмөсүнөн кийин социалдык тармакта карама-каршы пикирлер пайда болду. Өлкө башчы чиновниктерге кошумча акча төлөп жатканына таң калгандар да бар. Президенттин бул тууралуу ачык айтканы алгачкы прецеденти болсо керек.

“Сен таза болсоң, кол алдындагылар да иштешет, абийир менен иштегиле. Айлыгың жашоого жетпесе, мен “Демөөрчүлүк фондунан” ай сайын 2 миң доллар акчалай жардам бөлүп бергенге даярмын”, - деп мамлекет башчысы ага убада берип, ишеничти актабаган чиновникке кошумча акча төлөп берип жүргөн экен.

Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин өлкөнүн келечеги үчүн иштейм дегендерди өзүнүн тегерегине чогулта баштады. Кадр маселеси оңой эмес, адам тигил же бул жогорку кызматты ээлөө үчүн татыктуу болушу мүмкүн, бирок кызмат абалын өз кызыкчылыгына буруп жибере турган чоң азгырык турат. Адам ошол азгырыка алдырып, тайып кетсе, тагдырына сөзсүз балта чапкан болот. Бүгүн биз президенттин командасы кандай түзүлүп, кадрлар кандай тандалып жатканына күбө болуп жатабыз.

Эс алуу күндөрү жок тынымсыз иштеп жаткан өлкө башчысы, кол алдындагыларга дагы ошондой иштөө талабын коет. Ал өз командасынын мүмкүн болушунча так жана ынтымактуу иштешин, башкаларга үлгү болуп жана аларда ач көздүк, уурулук сыяктуу жаман сапаттар болбошун каалайт.

Ошондуктан, Садыр Жапаровдун министрлердин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ишине баа берчү негизги критерийи – бул чынчыл, ак ниет жана жемиштүү иш.

“Эмне үчүн акчалай жардам берип жатам деп сурасаңар, алар уурдабасын, ал жерде тартип болсун, таза иштешсин деп жооп берем”, - дейт Садыр Жапаров.

“Унаа” ишканасынын башчысы менен болгон окуя башкалар үчүн унутулгус сабак болот. Анын ордуна келген адам мурунку жетекчинин катасын кайталабайт. Президент чиновниктерде ач көздүк, уурулук сыяктуу жаман сапаттар болбошун каалайт.

Буюруса, ушундай болот, болушу керек!

Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий