• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Чоң-Алай районундагы "Кара-Мык" чек ара заставасында бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Бүгүн Чоң-Алай районунун "Кара-Мык" чек ара заставасында 50 орунга ылайыкталган жаңы "Байчечекей" бала бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ачылыш аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, чек ара заставасынын кызматкерлери жана жаңыдан ачылган бала бакчанын келечектеги тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.

Камчыбек Ташиев мамлекет чек арачыларга мамлекеттин чек арасын коргоосу үчүн зарыл шарттарды түзүү менен бирге, жаш муунга татыктуу келечекти камсыздоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.

Тарыхта биринчи жолу чек ара заставасынын аймагында мектепке чейинки билим берүү мекемеси курулуп, иштей баштады.

"Байчечекей" бала бакчасы кыска мөөнөттө курулуп бүттү. Анын курулушуна 2023-жылдын сентябрында капсула салынган. Быйыл сентябрдан тарта алгачкы балдарды кабыл ала баштады.

Бала бакчада ар кандай курактагы балдар үчүн үч тайпа каралган жана ага аскер кызматкерлеринин жана жакын жайгашкан аймактардын тургундарынын балдары барышат.

Муну менен катар өлкө жетекчилиги аскер кызматкерлеринин жана чек ара аймактарындагы тургундардын жашоо шарттарын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиленди. Акыркы үч жылдын ичинде жаңы чек ара комплекстери, аскер кызматкерлери үчүн турак жайлар курулуп, чек ара аскерлери заманбап курал-жарак жана техника менен камсыздалды.

Пикир

Оставить комментарий