• 87
  • 90.41
  • 0.84

Чолпон-Ата шаарынын тургуну алдамчылыкка шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарынын тургуну алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 19-февраль күнү Ысык-Көл РИИБне Чолпон-Ата шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, өткөн жылдын декабрь айында Урмат аттуу жаран ишеничине кирип, Бишкек шаарынын тургунуна тиешелүү болгон 40 тонналык темир контейнерди 1800 АКШ долларына баалап, сатып кеткенин билдирген.

Бул факт Ысык-Көл РИИБнин КБРне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209 (Алдамчылык) беренеси менен кылмыш иштери козголгон.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү болгон жарандын өздүгү аныкталып, ошол эле күнү райондук милициянын кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1980-жылы туулган Чолпон-Ата шаарынын А.У. аттуу тургуну кармалган.

Ысык-Көл райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен кылмышка шектүү жаранга карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда Ысык-Көл районунун аймагында башка кылмыш иштерине тиешеси бар, же жоктугу текшерилүүдө.

Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы, аталган жаран алдамчылыктын башка фактыларына да тиешеси мүмкүн болгондуктан, шектүүнүн алдамчылык аракеттеринен жапа чеккендердин бардыгына төмөнкү байланыш номерлери боюнча кабарлоону суранышат: 0709203087, 0703332166.

Пикир

Оставить комментарий