• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Отурум 21-январга жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 14-январда Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Прокурорлордун бири эмгек өргүүсүндө, экинчисин Жалал-Абад облусунда которушкандыгына байланыштуу мамлекеттик айыптоочулар күбөлөрдүн толук келишин камсыз кыла алышкан эмес. Алар отурумду башка күнгө жылдырууну суранышты.

Эми кийинки соттук угуу 21-январда өтөт.

Мамлекеттик айыптоочулардын маалыматына ылайык, дагы 14 күбө калды.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий